Документтер
Купуялык саясаты
Жеке дайындарды иштетүүгө жана коргоого карата саясат
1.0 редакциясы · күчүнө кирген күнү: 2026-жылдын 6-ноябры
Бул саясатта «ББ ТЕХНОЛОДЖИ» ЖЧК сиз bb-technologies.info сайтына киргенде же бизге жазганда кандай жеке дайындарды иштетери, эмне үчүн иштетери, бул дайындарды дагы ким алары жана сиздин кандай укуктарыңыз бар экени түшүндүрүлөт.
1 Биз кимбиз
bb-technologies.info сайты (мындан ары — «Сайт») Кыргыз Республикасында катталган «ББ ТЕХНОЛОДЖИ» жоопкерчилиги чектелген коомуна (BB TECHNOLOGIES LLC; каттоо номери 335866-3301-ООО, ИСН 00211202610296; мындан ары — «биз») таандык жана аны ушул коом тейлейт. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи Май району, Логвиненко, 55, 32. Биз сиз менен болгон кат алышуунун жеке жазмаларынын ээсибиз. 3-бөлүмдө сүрөттөлгөн техникалык дайындарды хостинг-провайдерибиз GitHub, Inc. жазып алат жана аларды өзүнүн коопсуздук максаттарында жазмалардын өз алдынча ээси катары иштетет.
Жеке дайындарды иштетүүгө жооптуу өзүнчө адам дайындалган эмес. Жеке дайындарга байланыштуу бардык маселелер боюнча info@bb-technologies.info дарегине жазыңыз.
2 Саясат эмнелерге жайылтылат
Бул саясат Сайтка жана биз менен болгон кат алышууңузга жайылтылат. Ар бир мобилдик тиркемебиздин өзүнүн купуялык саясаты бар: ал ушул Сайтта жарыяланат, ага шилтеме App Store жана Google Play’деги тиркеменин барагында болот. Тиркемеде иштетилген дайындарга ошол тиркеменин саясаты колдонулат.
3 Кандай дайындарды иштетебиз жана алар кайдан алынат
- Техникалык дайындар. Сиз Сайтты ачканда браузериңиз хостинг-провайдерибиз GitHub, Inc. компаниясынын серверлерине түздөн-түз кайрылат. GitHub коопсуздук максатында IP-дарегиңизди жазып алат жана суроо-талап тууралуу башка маалыматтарды да жазып алышы мүмкүн: анын күнүн жана убактысын, суралган баракты, сиз кайсы барактан өткөнүңүздү, браузериңиздин жана түзмөгүңүздүн түрүн (user agent). GitHub муну өзүнүн купуялык саясатына ылайык жасайт; биз бул жазууларды албайбыз жана аларга кире албайбыз.
- Кат алышуу. Сиз бизге жазганда биз сиз жөнөткөн дайындарды иштетебиз: электрондук почтаңыздын дареги, атыңыз жана сиз өзүңүз көрсөткөн башка маалыматтар, каттын тексти, тиркелген файлдар жана каттын техникалык маалыматтары, ошондой эле биздин жоопторубуз.
Биз төлөм карталарынын маалыматтарын жана жеке дайындардын атайын категорияларын (мисалы, ден соолук тууралуу маалыматтарды) сурабайбыз жана аларды бизге электрондук почта аркылуу жөнөтпөөнү суранабыз.
4 Cookie файлдары, аналитика жана автоматташтырылган чечимдер
Сайт cookie файлдарын, аналитика тутумдарын жана көз салуунун башка каражаттарын колдонбойт, жарнама көрсөтпөйт жана үчүнчү тараптардын кызматтарынан материалдарды же скрипттерди жүктөбөйт. Биз профиль түзбөйбүз жана сиз тууралуу автоматташтырылган чечимдерди кабыл албайбыз.
5 Дайындарды эмне үчүн жана кандай негизде иштетебиз
- Сайттын иштешин камсыз кылуу жана аны коргоо — GitHub иштеткен техникалык дайындар (3-бөлүмдү караңыз) — иштеген жана корголгон сайтка болгон мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз (79-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту).
- Каттарыңызга жооп берүү жана сиз менен продукттарыбыз, кызматташтык, колдоо жана юридикалык маселелер боюнча байланышуу — кат алышуу — сиз менен келишим түзүү же аны аткаруу, же болбосо келишим түзүлгөнгө чейин сиздин өтүнүчүңүз боюнча чара көрүү (79-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту); башка учурларда — сизге жооп берүүгө болгон мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз (79-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту).
- Мыйзамда белгиленген милдеттерди, мисалы, бухгалтердик эсепке алуу боюнча милдеттерди аткаруу жана мамлекеттик органдардын мыйзамдуу талаптарына жооп берүү — кат алышуу — мыйзамдагы милдет (79-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
Бул негиздер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган. Алар колдонулгандыктан, биз сиздин макулдугуңузду сурабайбыз (79-берененин 2-бөлүгү). Эгер сизге Европа Бирлигинин Маалыматтарды коргоонун жалпы регламенти (GDPR) колдонулса, тиешелүү укуктук негиздер: биринчи максат үчүн — Регламенттин 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн (f) пункту; экинчи максат үчүн — (b) пункту, башка учурларда — (f) пункту; үчүнчү максат үчүн — (c) пункту.
6 Дайындарды ким алат
Биз жеке дайындарды сатпайбыз жана жарнама үчүн эч кимге бербейбиз. Дайындарды төмөнкүлөр гана алат:
- биз менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүчүлөр:
- GitHub, Inc. (АКШ) — сайтты жайгаштыруу; GitHub сайтка кирүүчүлөрдүн IP-даректерин өзүнүн коопсуздук максаттарында, бул жазмалардын өз алдынча ээси катары жана өзүнүн купуялык саясатына ылайык жазып алат;
- Cloudflare, Inc. (АКШ) — домендик аталыштар тутуму (DNS); биздин домен боюнча DNS-суроо-талаптарга жооп берет, алар адатта түзмөгүңүздөн эмес, провайдериңиздин DNS-серверинен келет; сиз ачкан барактарды ал көрбөйт;
- Migadu-Mail GmbH (Швейцария; серверлери Францияда жана Германияда) — электрондук почта;
- мыйзам бизди дайындарды берүүгө милдеттендирген учурда — мамлекеттик органдар.
Кызматкерлерибиз дайындарга иши талап кылган өлчөмдө гана кире алышат.
7 Дайындар кайда иштетилет
Кызмат көрсөтүүчүлөрүбүз дайындарды АКШда, Францияда, Германияда жана алар иштеген башка өлкөлөрдө жайгашкан серверлерде иштетишет. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарыялаган адекваттуу коргоону камсыз кылуучу мамлекеттердин тизмегинде азырынча бир дагы чет өлкө жок, ошондуктан биз жеке дайындарды чет өлкөгө Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 89-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча гана өткөрүп беребиз: ушул кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердеги дайындарды коргоо шарттарынын негизинде (6-пункт) жана, эгер катыңыз сиз менен түзүлгөн келишимге тиешелүү болсо, ошол келишимди түзүү же аткаруу үчүн (4-пункт). Сиз Сайтты ачканда браузериңиз техникалык дайындарды түздөн-түз GitHub’га жөнөтөт. Чет өлкөдө иштетилген дайындарга ошол өлкөнүн мыйзамдары да колдонулат.
8 Дайындарды канча убакыт сактайбыз
- Техникалык дайындарды GitHub коопсуздук максатында өзүнүн эрежелеринде белгиленген мөөнөттөрдө сактайт. Биз аларды сактабайбыз.
- Кат алышуу өтүнүчүңүздү кароо жана сиз менен болгон мамилебиз үчүн керектүү убакыт бою, андан кийин акыркы каттан тартып үч жылдан ашпаган мөөнөттө сакталат, эгер мыйзам аны узагыраак сактоону талап кылбаса. Андан кийин биз аны өчүрөбүз.
9 Дайындарды кантип коргойбуз
- Сайт шифрленген байланыш (HTTPS) аркылуу гана ачылат.
- Хостингдеги, домендеги (DNS) жана электрондук почтадагы эсептик жазууларыбыз компаниянын атына катталган жана эки фактордуу аутентификация менен корголгон, аларга иши үчүн керек болгон адамдар гана кире алат.
- Биздин атыбыздан дайындарды иштеткен кызмат көрсөтүүчүлөр аларды коргоого милдеттендирген келишимдердин негизинде иштетишет.
- Жеке дайындарга байланыштуу инцидент болгон учурда биз инциденттерге жооп берүү регламентибизге ылайык аракеттенебиз жана, эгер инцидент сиздин укуктарыңызга же кызматтарыбыздын туруктуулугуна таасир этсе, ал тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке аны тапкандан кийин 72 сааттан кечиктирбестен кабарлайбыз (Санарип кодексинин 63-беренеси).
10 Сиздин укуктарыңыз
Сиз төмөнкүлөргө укуктуусуз:
- дайындарыңыздын иштетилиши тууралуу маалымат жана алардын көчүрмөсүн алууга — өтүнүч берилгенден кийин 7 жумуш күнүнүн ичинде;
- так эмес дайындарды оңдотууга жана толук эмес дайындарды толуктатууга — 7 жумуш күнүнүн ичинде;
- дайындар мындан ары керек болбосо, иштетүүнүн негизи токтосо же каршы пикириңизди кароонун жыйынтыгы боюнча дайындарыңызды өчүртүүгө, мыйзам аларды сактоону талап кылган же алар дооматтарды коюу же алардан коргонуу үчүн керек болгон учурларды кошпогондо;
- дайындарыңыздын иштетилишин чектөөнү талап кылууга;
- дайындарыңызды белгилүү бир ыкмалар менен же белгилүү бир максаттарда иштетүүгө каршы пикир билдирүүгө жана 7 жумуш күнүнүн ичинде жүйөлөнгөн чечим алууга;
- иштетүү келишимге же макулдукка негизделген болсо, дайындарыңызды түзүмдөлгөн, жалпы кабыл алынган форматта алууга;
- иштетүү макулдукка негизделген болсо, макулдугуңузду каалаган убакта кайра чакыртып алууга.
Укуктарыңызды пайдалануу үчүн info@bb-technologies.info дарегине жазыңыз. Бул акысыз. Биз өтүнүч сизден келгенин тастыктоону сурашыбыз мүмкүн, мисалы, сөз болуп жаткан электрондук почта дарегинен жооп берүүнү.
GitHub жазып алган техникалык дайындар бизде жок: алар боюнча укуктарыңызды пайдалануу үчүн GitHub’га анын купуялык саясатында көрсөтүлгөндөй кайрылыңыз.
Эгер биз укуктарыңызды буздук деп эсептесеңиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке (dpa.gov.kg) же сотко кайрыла аласыз. Эгер Европа Бирлигинде жашасаңыз, өлкөңүздүн маалыматтарды коргоо боюнча көзөмөлдөө органына да кайрыла аласыз.
11 Дайындарды бербесеңиз
Дайындарды берүү ыктыярдуу. Электрондук почтаңыздын дарегисиз биз сизге жооп бере албайбыз. Техникалык дайындар Сайтты көрсөтүү үчүн зарыл: аларсыз Сайт ачылбайт.
12 Балдар
Сайт бойго жеткен адамдарга жана уюмдарга арналган, балдарга багытталган эмес. Биз балдардын дайындарын билип туруп иштетпейбиз. Эгер биз 14 жашка чейинки баланын жеке дайындарын анын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз алганыбызды билсек, аларды өчүрөбүз.
13 Колдонулуучу укук
Бул саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Санарип кодексинин «Жеке дайындарды иштеп чыгуу» деген 11-главасына ылайык түзүлгөн. Кодекс 2026-жылдын 6-февралынан тартып күчүндө. Бул саясаттагы «иштетүү» деген сөз Кодекстеги «иштеп чыгуу» деген түшүнүккө туура келет.
14 Саясатка өзгөртүүлөр
Биз бул саясатты жаңыртышыбыз мүмкүн. Учурдагы редакциясы өзүнүн номери жана күчүнө кирген күнү менен ар дайым ушул баракта жарыяланат. Олуттуу өзгөртүүлөр киргизилсе, бул тууралуу барактын башында белгилейбиз.
«ББ ТЕХНОЛОДЖИ» ЖЧК
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи Май району, Логвиненко, 55, 32
Эл. почта: info@bb-technologies.info